Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуКара-Суу району 10.11.2018 11:20

Кара-Сууда 3 млн сомдук ФАП ачылды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Правда айылында курулган ФАПтын 8 бөлмөлүү имараты 9-ноябрдан тарта пайдаланууга берилди. Райондук администрациядан билдиришкендей, жаңы имарат 3 млн сомго курулган.

«Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Правда айылында бейөкмөт уюм тарабынан 8 бөлмөлүү ФАП курулган. Ошондой эле бейөкмөт уюм Жаңы-Арык айылында 27 миң долларлык мечит, медресе курган болчу. Ага кошумча Ак-Терек, Таш-Арык, Чайчи-Коргон айылдарына 18 миң доллар жумшалып, таза суу чыгарылды.

Ал эми райондук администрация ФАПка 4 даана жылыткыч орнотту», - деди акимдин орун басары Мехринса Жороева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×