Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 10.11.2018 18:42 На русском

Сүрөт: Алиясбек Алымкулов Таласта орнотулган айкелин өзү ачты

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Шабданбек уулу Эсен атындагы райондук маданият үйүнүн алдында 20 адамдын айкели орнотулуп, бүгүн, 10-ноябрда ачылышы өттү. Районго эмгеги сиңген адамдардын айкелин орнотуу демилгеси көтөрүлгөндө айылдык кеңештердин, жергиликтүү жашоочулардын сунуш-пикири эске алынган.

Айкели тургузулган адамдардын арасынан учурда 90 жашка толгон Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, генерал Кубанычбек Козубаев жана Апрель революциясынын баатыры Алиясбек Алымкулов ачылышка өздөрү катышты. Ал эми 17 адамдын үйлөрүндө арбактарына багышталып куран окулду.

Район акими Чолпон Төрөкуловдун айтымында, бул айкелдерди орнотууга жалпы 2 млн сом сарпталган. Аны эстеликтери орнотулган маркумдардын жакындары каржылашты.

Алиясбек Алымкуловдун айтымында, ал айкели орнотула турганын билген эмес. Мындай чечимди Кең-Арал айылдык кеңешинин депутаттары кабыл алгандан кийин ага сунушталып, каржылоого макул болгон. Бүгүн ал айкелин өзү ачты.

Ал эми Кең-Арал айыл аймагынын башчысы Марлис Укуев: «Алияз (Алиясбек Алымкулов) байкенин айкелин орнотуу маселеси элдик жыйында чечилген. Анын өзүнүн демилгеси болгон эмес. Согуштун ардагерлеринин айкелдери ар бир айылда бар болгондуктан, тизмеге айкели жок адам болсун деп кошулду. Алиясбек Төлбашиевич дагы мындай чечим кабыл алынгандан кийин имамдардан кеңеш алыптыр. Айкелди айылыбыздын кулуну өзү каржылады», - деп түшүндүрдү.

Жаңы орнотулган 20 айкел:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×