Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Озгон 12.11.2018 10:17

Өзгөн шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт

Turmush -   Өзгөн шаарынын борбордук базары шаардын сыртына көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, базар шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашып, ага 17 ишкер ээлик кылат.

«2003-жылы Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнөн базарды жылдыруу үчүн 9 гектар жер бөлүнүп, долбоору даярдалган. Биз азыр ал долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Ал эми "Дордой" базары үчүн 5 гектар жер бөлүнүп, учурда иштеп жатат. Борбордук базардын аянты 4 гектарды түзүп, 17 ишкер ээлик кылат. Биз жол тыгындарын азайтуу максатында борбордук базарды шаардын сыртына көчүрүүнү максат кылуудабыз. Анткени шаардын ортосундагы базар эл аралык маанидеги жолдун боюнда жайгашкан. Базар эч кандай талаптарга жооп бербейт. Өрт өчүрүүчү унаалар дагы кирип-чыга албайт. Кокус өрт чыгып кетсе соодагерлер товарларын алып чыкмак түгүл, өздөрүнүн чыгышы да кыйын.

Өзгөн

Базар менчик болгондуктан, "Өзгөн Тазалык" ишканасы тазалабайт. Ишкерлер өздөрү тазалатышат. Убагында тазаланбай калган таштандылар шаар тургундарынын үйлөрүнө чейин кирип жатат. Лотоктордо тазаланбай чирип кеткен таштандылар дагы бар. Биз шаардыктарга жакшы шарт түзүү үчүн базарды шаар сыртына чыгаруубуз зарыл», - деди ал.

Борбордук базар шаар сыртына көчүрүлө турган болсо шаардын борборунан 5 км гана алыста болот. Бул Өзгөн районунун, Өзгөн шаарынын тургундары үчүн да ыңгайлуу.

Учурда бейрасмий маалыматтарга ылайык, базарда 3 миңге чукул соодагер эмгектенет. Ал эми шаарда 53 миң адам жашайт.

ӨЗгөн

ӨЗгөн

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×