Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 12.11.2018 12:46 На русском

Аюу, ак илбирс жана тоо текелер: Чоң-Алайдагы жаныбарлардын фотокапкандагы сүрөттөрү

Turmush -  Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен «Фонд Илбирс» коомдук фондунун кызматкерлери Оштун Чоң-Алай районундагы Миң-Теке, Текелик жана Шибе аймактарына мурда орнотулган фотокапкандарды алышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, фотокапкан 2018-жылдын июль айында бул аймактагы жаныбарларды эсепке алуу максатында фонддун өкүлдөрү жана егерлер менен биргеликте орнотулган. Ал эми анын жыйынтыгы абдан жакшы болгону белгиленет.

«Сүрөттөрдөн бул аймакта жапайы жаныбарлардын дээрлик бардык түрү жүргөнү көрүнүп турат. Экосистемада жапайы жаныбарлардын популяциясын, анын ичинде ак илбирсти сактоо максатындагы иштер жыйынтыгын берип жатат. Мындан 15 жыл мурун ак илбирс жоголуп кетүү коркунучунда турса, учурда ал кайтып келди деп сыймыктануу менен айта алабыз», - деп айтылат Мамлекеттик агенттиктин билдирүүсүндө.

Аталган аймактар Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана коомдук бирикменин ортосундагы жапайы жаныбарларды коргоо тууралуу келишимдин негизинде 2015-жылдан бери корголуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×