Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 13.11.2018 10:12

Таң эрте Кара-Кулжада кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды

Turmush -  Бүгүн, 13-ноябрда саат 06:10 чамасында Кара-Кулжа районунда, тактап айтканда Мырза-Аке—Кара-Кулжа— Алайкуу жолунун 75-76-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, жол жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жерине Кара-Кулжа райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы жана 3 техника тартылган. Учурда кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

ӨКМ кийинчерээк саат 12:10 чамасында аталган тилкедеги кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылгандыгын кабарлады.

Маалыматка караганда, көлөмү болжол менен 6000 метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылып калган. Аны тазалоого №26 жол тейлөө ишканасынын 2 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×