Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуАраван району 13.11.2018 13:44

Араванда өспүрүм небересин күйөөгө берген чоң эне соттолду

Turmush -  Ош облусундагы Араван районунун тургуну (аял киши) 2018-жылдын февраль айында өспүрүм курактагы 16 жаштагы небересин күйөөгө узаткан. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда АКИpress агенттигине ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Азамат Абдрахманов билдирди.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринен кийин материалдар сотко жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында чоң эне 3 жылга шарттуу түрдө соттолду.

«Бул Кыргызстанда айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылы күчүнө кирген 155-1-беренеси менен жоопкерчиликке тарткан биринчи учур», - деди А.Абдрахманов.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 155-1-берене: «Нике курак тууралуу мыйзамды бузуу менен өспүрүмгө (18 жашка чейинки) нике кыйылганы үчүн ата-энелер, (же алардын ордун алмаштыруучу киши), нике кыйган адам 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×