Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуАлай району 13.11.2018 17:03

Алайлык ишкерлерден опузалап акча талап кылгандар кармалды

Turmush -  Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын жана Алай РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Алай районундагы кафе, дарыкана, дүкөндөргө кирип, өздөрүн Ош облустук санитардык коопсуздук кызматынын өкүлдөрүбүз деп тааныштырып, опузалап акча алып жүргөн 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 3-сентябрында Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну — 1971-жылы туулган Б.М. арыз менен кайрылган. Анын арызында ошол эле айылда жайгашкан «Калы» кафесине бейтааныш азиат түспөлүндөгү 2 эркек киши келип, өздөрүн Ош облустук санитардык коопсуздук кызматынын өкүлдөрүбүз деп тааныштырганы көрсөтүлгөн. Андан соң кафенин ээсинен кемчиликтерин жаап-жашыруу үчүн 1000 сом акча талап кылып, алып кетишкен.

Ошондой эле ушундай арыз менен 4-сентябрь күнү Гүлчө айылынын 1955-жылы туулган тургуну М. О. жана Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Арпа-Тектир айылынын 1985-жылы туулган тургуну С.Р. кайрылган. Алардын менчик дүкөнүнө келген азиат түспөлүндөгү 2 эркек киши санитардык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү экенин айтып, биринен 500 сом, экинчисинен 2000 сом алышкан.

Мындан тышкары алар 3-сентябрь күнү Алай районунун Гүлчө айылынын 1982-жылы туулган тургуну Т.А.га тиешелүү дарыканага келип, 1000 сом алып кетишкен. Андан кийин 2 эркек киши жана 1 аял ошол эле айылда жайгашкан «Караван» ашканасынын жана дүкөндүн 43 жаштагы ээсинен 1000 сом талап кылышкан.

Жогорудагы фактылар боюнча Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүүлөр кармалды. Алар — Араван районунун 1956-жылы туулган тургуну А.Б., Кара-Суу районунун 1961-жылы туулган тургуну Ш.Н., Өзгөн районунун 1991-жылы туулган тургуну Ы.А. (аял киши). Алай РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексиндеги 170-берененин (опузалап акча талап кылуу) негизинде кылмыш иш козгоп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×