Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 13.11.2018 17:52

Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолундагы кар көчкү тазаланды

Turmush -  Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырымындагы кар көчкү тазаланып, саат 13:45де каттам толук ачылды, деп маалымдайт ӨКМ.

Бүгүн, 13-ноябрда саат 05:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жааган кардын кесепетинен аталган унаа жолдун Тамчы тилкесинде көлөмү болжол менен 6000 метр куб кар көчкү түшкөн. Буга байланыштуу унаа жол жабылган болчу. Көчкүнү тазалоо иштерине №26 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери, 2 жүктөгүч жана 1 бульдозер катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×