Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 14.11.2018 09:14 На русском

Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын жетекчиси алмашты

Turmush -  Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башчысы Сулайманов Шайирбек Алибаевич кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болду.

Ш.Сулайманов

Айрым маалыматтар боюнча, анын кызматтан бошотулушу тууралуу буйрукка кол коюлган. Ал эми оорукананын директору болуп Талант Арстанкулов дайындалды. Ал буга чейин Улуттук гооспиталдын башкы дарыгеринин орун басары болуп эмгектенген.

Ш.Сулайманов (1968-жылы төрөлгөн) Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору болуп 2009-жылы 28-январда дайындалган. Ага чейин Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы болуп эмгектенген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×