Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 15.11.2018 10:40 Жаңыланды: 15.11.2018 10:58 На русском

Сүрөт: Кара-Кулжада эки мектептин жаңы имараттары ачылды

Turmush -  Кечээ, 14-ноябрда Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылындагы Б.Амиракулов атындагы орто мектеп пайдаланууга берилип, кызыл тасма кесилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Асилбек Жээнбеков, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов, тиешелүү жетекчилер жана тургундар катышты.

Жаңы курулган 2 кабаттуу имарат 220 орунга ылайыкталган. Мектептин ичине спорт зал, ашкана курулуп, компьютердик класстар уюштурулуп, интерактивдүү доскалар, заманбап эмеректер орнотулган. Жаңы мектептин жалпы сметалык баасы 43 млн сомду түзөт. Мектепте 245 окуучу билим алат.

Буга чейинки мектептин имараты 1930-жылы аткана катары курулуп, андан кийин мектеп катары колдонулуп келген. Ал имарат акыркы жылдары пайдаланууга жараксыз болгондуктан 2016-жылы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржылана турган обьектилердин тизмесинин долбооруна киргизилип, жаңы имарат курулган.

Ошондой эле ушул эле күнү Кара-Кулжанын Кеңеш айыл аймагында да жаңы курулган 275 орундуу Ж.Акматалиев атындагы орто мектеби пайдаланууга берилди.

Орто мектептин биринчи имараты 1961-жылы курулган. Ал эми мектептин экинчи имараты 1972-жылы салынган. Имараттар эскирип, дубалдарынан жарака кетип, шиферлери сынып, жаан өтүп, жараксыз абалга келген.

Жаңы мектептин жалпы сметалык баасы 68 млн сомду түзгөн. Эки кабаттуу мектеп 275 окуучуга ылайыкталган. Анын курулушу 2015-жылы башталып, спорт зал, ашкана да курулду. Учурда мектепте 526 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×