Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Ош облусуКара-Суу району 15.11.2018 14:50 Жаңыланды: 16.11.2018 09:10 На русском

10 миң сомдук дарбыздар: Азамат Балтабаевдин өзгөчө өнөрү (сүрөт, видео)

Turmush -  Кара-Суунун 29 жаштагы тургуну Азамат Балтабаев 4 жылдан бери дарбыздын сыртына сүрөт тартып, ар кандай жазууларды түшүрүү менен кирише табат. Анын айтымында, күз айларында тойлорго карата буюртмалар көбөйөт.

Көпчүлүктү суктандырган өнөрдүн ээси 100 сомдук дарбызга сүрөт тартып, аларды 1500 сомдон 10 миң сомго чейин сата турганын аны менен таанышкан аймактык кабарчыга айтып берди. Сарай айылынын тургуну Азамат дарбызга сүрөт тартууну кесиптешинин сөзүнө намыстанып үйрөнгөн.

«Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде финансы-кредит бөлүмүндө жогорку билим алып, 2012-жылы Россияга барып, ашпозчу болуп иштедим. Ошол учурда биз менен бирге иштеген жигит дарбызга сүрөт түшүрүп келди. Биз андан кантип өздөштүргөнүн сурап, үйрөтүүнү сурандык. Бирок ал “колуңардан келбейт” деп, намысыбызга катуу тийип койду.

Катуу кызыгып калганымдан базардан керектүү шаймандарды, бычактарды сатып алдым. Ага кошуп, 500 рублга дарбыз сатып алдым. Ал күнү эс алуу күнү болгондуктан дарбыздын сыртына сүрөт тартып алып, чекесинен кескилеп, тилип баштадым. Кызыгып отуруп, 7-8 саат кыймылдабай, акыры дарбызга оюмдагыдай сүрөт түшүрдүм. Өзүмө ишенип калгандан кийин бош убактымды ошол жумушка арнай баштадым. Ар биринде тажрыйба топтоп жатып, бул өнөрдү тез эле өздөштүрүп алдым», - деди Азамат Балтабаев.

Ал учурда айылында эмгектенип жатат.

«Мага тойлордон жана кыз-жигиттерден буюртмалар көп түшөт. Керектүү дарбызды өзүм тандайм. Анткени бышкан дарбыз алып келишсе ага бычак тиери менен жарылып кетет. Ошондуктан дарбыздардын жакшы быша элегин, сырты калыңдарын тандап алам.

Бирок бул мезгил учурундагы гана иш болгондуктан, башка учурда бекерчи болуп калбайын деп атамдын жолун жолдодум. Азыр ашпозчулук өнөрдү аркалап жүрөм. Кара-Суунун борбордук базарында ашкана ачып, ал жерде өзүм ашпозчу болуп эмгектенип жатам», - деди Азамат Балтабаев.

Бул өнөрүн уул-кыздарына үйрөтүүнү суранган ата-энелер да көп кайрылышат.

«Мен ага каршы болбойм. Бирок жаңы баштаганда эле айрымдары тажап кетишет. Анткени 5-6 саат бою кыймылдабай отурушуң керек болот. Мен да өзүмдүн артымдан шакирттерди чыгарсам деген ниетим бар. Мен да бирөөлөргө өнөр үйрөтүп, жакшы ишке жарасам дейм», - деп кошумчалады Азамат мырза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.73% (771)
«РСК Банк»
27.74% (398)
«Капитал Банк»
6.48% (93)
...
Всего голосов: 1435
×