Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуАраван району 16.11.2018 10:54

Төө-моюндуктар сел алып кеткен жолдон каттоого аргасыз (сүрөт, видео)

Turmush -   Ош облусунун Араван районуна карашуу Төө-Моюн айылындагы жолдорду сел алып, унааларга ыңгайсыздыктар жаралып жатат. Жолдун алдынан сел өтүүчү түтүктөр орнотулбаганына байланыштуу жаан жаап, сел жүргөн сайын көйгөй жаралат, дешет жашоочулар.

Бул маселе менен айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар айыл өкмөткө бир нече жолу нараазычылыктарын билдиришкен.

«Бизге азыр жолдо унаа менен жүрүүгө да коркунучтуу болуп калды. Сел жолдун жээгин түбүнөн жемирип кеткен. Жолдун алдынан сел өтүүчү чоң түтүктөрдү коюш керек. Унааларды улам устага оңдотуп жатып, тажап бүттүк.

Биздин Араван чоң район, 16 миң шайлоочу жана 11 мектеп бар», - дешет айдоочулар.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×