Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуАлай району 22.11.2018 20:18

Погончондордон качкан мигранттар, Африкада кудук казган кыргыздар: Д.Калбековдун Россиядагы жашоосу

Turmush -  Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул айылынын 34 жаштагы тургуну Дүйшөн Калбеков 17 жашында мигранттык жашоосун баштаган. Ал Россиянын бир топ шаарларында эмгектенип, ыраакы чыгышындагы Уссурийскте бир топ жыл жашаган. Курулушта, ашканада, ресторанда, айтор бардык жумуштарда иштеп, акыры соода тармагына өткөн. Ал аймактык кабарчыга Африкага барып кудук казган кыргыздар, Россияда төрөлүп, ушул жерде өсүп жаткан жаӊы кыргыз мууну жана өзүнүн башынан өткөргөн турмушун айтып берди.

Мектепте жакшы окучумун, бирок эмгек мигрант болууга туура келди

- 2001-жылы мектепти бүткөндөн кийин классташтарымдын көпчүлүгү студент болуп, баары шаарга кетишти. Үй-бүлөлүк шарт туура келбегендиктен, студент болуу мага буюрган жок. Негизи, мектепти жакшы окуп бүтүргөм. Жогорку окуу жайга тапшыра албай, айылда жүрүп калдым. Ошондо чет өлкөгө чыгып иштөөгө туура келди. Ошентип Орусиянын ыраакы чыгышындагы Уссурийск шаарына сапар алдым. Учурда үй-бүлөлүүмүн. 3 уул, 1 кыздын атасымын.

Кыйналдык, кысталдык, бирок такшалдык

- Башында биз келген жылдары эмгек мигранттын жашоосу аябай кыйын болчу. Анткени уруксат документтердин убактысы 3 айдан кийин эле бүтүп калчу. А, бизде кайра сыртка чыгып келүүгө мүмкүнчүлүк жок болчу. Ошол кездерде мекендештерди милиция кызматкерлери кыйла кыйнаган. Бирок азыр ал жөнгө салынып, жакшы болуп калды. Жашаган жерим тынч. Мамлекеттик администрация биздин диаспора менен жолугуп, ынтымактуу иш алып барышат.

Жалпысынан 17 жылдык өмүрүм чет өлкөдө өттү. Владивосток, Чита жана башка шаарларда иштеп, жашап калдык. Көбүнчөсү Уссурийск шаарында болдук. Жаман эмес. Албетте, кыйналдык, кысталдык, бирок такшалдык.

«18 жашка чыгыптыр» деп, көзүмдү көпкөк кылышты

- Ачыгын айтыш керек, жаӊы келген жылдары көрбөгөн азапты көрдүк. Каттоого турбай калган кезде дайыма милиция кызматкерлеринин колуна түшүп калчубуз. Бир жолу көчөдөн кетип бара жатсам, милиционерлер унаасы менен жаныма токтоп калды. Алар «бери кел» деп чакырганда дароо артыма бурулуп, качып жөнөдүм. Бир кыйла жерге чейин жеткирбей чуркадым. Бирок аягында колго түшүп бердим. Кудум эле бир нерсени уурдап качып бараткандаймын. А, милиция кызматкерлери коркунучтуу кылмышкерди кармагандай... Ал жакта негизи жашы жете элек балдарды урбайт. Бирөөсү мени токмоктоюн десе, экинчиси аны колунан тартып, «урба, бул жашы жете элек бала окшойт» деди. Унаасына отургузгандан кийин чөнтөгүмдү аӊтарышып, паспортумду таап алышты да «бул 18 жашка чыгыптыр» деп бирөөсү жар салып жиберди. Андан кийин экинчиси көзгө бир коюп калды. Көзүм боёп койгондой көпкөк болуп калган. Ошол окуя эмнегедир эсимден кетпейт.

Акча бербесеӊ ишиӊ бүтпөйт деген түшүнүк жок

- Уссурийск шаарынын медицинасы биздикинен бир топ эле жогорку деңгээлде. Келечекте бизде деле ошондой болот деп ишенем. Негизи эле мамлекеттик кызматтардын элге кылган мамилеси, иштегендери боюнча кыйла эле жакшы. Мисалы, аларда биздегидей акча бербесеӊ ишиӊ бүтпөйт деген түшүнүк жокко эсе. Россиянын башка жерлеринде болушу мүмкүн, бирок мен жашаган жерде андай көрүнүштөрдү көрө элекмин. Жергиликтүү тургундардын мамилеси жаман эмес. Ошол себептен көп киши келип, өнүгүп-өсүп жатышат.

Россияда төрөлүп-өскөн кыргыз балдар Кыргызстанга баргысы келбейт

- Балдарыбызды ата-тегин тааныбай, эне тилин билбей калбасын деп, Кыргызстанга жөнөттүк.
Өзүбүз орус жарандыгын алганбыз. Балдарым ушул жакта төрөлүп, ушул жакта бала бакчага барып, кийин мектепке барып башташкан. Бизден биринчи болуп келген мекендештерибиздин балдары ушул жактан билим алып, мамлекеттик кызматтарга жумушка киргендери бар. Көбү өз ордуларын таап, ийгиликтүү иштеп жатышат. Бирок аянычтуусу алар кыргыз тилин билишпейт. Анткени бала бакчада орусча тарбияланып, мектепти, жогорку окуу жайды жалаӊ орус тилинде окуп калышкан. Биз канчалык тилди унутпаганга, каада-салтты алып жүрүүгө аракет кылсак дагы, балдарыбызга жергиликтүү элдин менталитети өз таасирин берип коет экен. Биз жарандыкты оӊой алганыбызга сүйүнүп жүргөнүбүз менен балдарыбызды ата-бабабыздан калган тил, маданияттан алыс кылып коюу коркунучу бар экен. Ушул жерде өсүп-чоӊойгон балдар менен баарлашканымда, алардын көбү Кыргызстанга баргысы келбейт экен. Анан да башка улуттун кыздарына баш кошуп жаткандары бар. Ушул көрүнүштөрдөн кийин мен балдарымды ата-тегин тааныбай, өз улутун чанып, өз эне тилин билбей өсүшүн каалаган жокмун. Балдарыбыздан алыс болуп, сагынсак да, келечеги үчүн аларды Кыргызстанга жеткирүүгө туура келди. Ошентип 2018-жылы балдарымды Кызыл-Кыя шаарындагы түрк лицейлерине өткөрдүм. Кыргызстанда чоӊойсун, элимдин патриоту болуп өсүшсүн деген изги тилегим эле.

Уссурийск шаарында кыргыз диаспорасы бар. Аябай ынтымактуу. Башка шаарларда кээ бир кыргыздар ичип, түнкү клубдардан чыкпайт деп угуп калабыз. А, биз жашаган шаарда андай эмес. Көпчүлүк жаштар динге берилген. Намаз окуп, коомдук иштерге активдүү катышышат. Шаардын иш-чаларына да катышабыз. Ар бир улуттун када-салтын, өзгөчөлүгүн даӊазалаган иш-чаралар бизсиз өтпөйт десем болот. Жамандык-жакшылыкта аябай ынтымактуубуз. Бирөө дүйнөдөн кайтса да тез арада чогулуп, анын сөөгүн мекенге жөнөткөнгө колкабыш кылышат. Бирөө кыйналып турса, карап турбай ага баарылап жардам бере калабыз. Көп эле шаарларда болдум. Бирок Уссурийск шаарындагыдай ынтымакты көрбөдүм. Мүмкүн башка шаарлардан жакшы байкабай калсам керек. Мен мунун диаспоранын жакшы иш алып баруусунан деп билем. Уссурийск шаарындагы кыргыздарды жергиликтүү эл жакшы жагынан таанышат. Спорт менен алектенип, ийгилик жараткандары четтен табылат. Кыргыз диаспорасы менен бирдикте балдар үйүнө, карылар үйүнө жардам берип турабыз. 2016-жылы кыргыз балдар чогулуп, кыргыз диаспорасы менен биргеликте Африкага барып, бир кудук казып бергенбиз.

Уссурийск өтө алыс болгондуктан, мекенимди жакындан көрүп туруу үчүн башка шаарга көчүп бардым

Учурда мен Ростов-на-Дону шаарда иштеп жатам. Мунун башкы себеби, өлкөмө жакын болуу үчүн. Уссурийск өтө эле алыс болчу. Учак менен 11-12 саатта араӊ жетесиӊ. Жамандык-жакшылыкта тезинен жетип баруу деген болбойт. Билеттер дайыма боло бербейт. Ошол себептен аталган шаарга көчүп келдим. Бул жакта дагы соода тармагында иштейм.

«Мекенге качан кетебиз?» деген ой бардык мекендештерде болот

Өлкөгө кайтабыз. Мекеним дайыма оюбузда. Жатсак да, турсак да эстейм, ойлоном. Ал тургай түшүмө да кирет. «Мекенге качан кетебиз?» деген деген ой бардык мекендештерде болот. Бирок бул жактан ишти таштап, Кыргызстанга барганда эмне жумуш кылабыз дешет. Мен да ошентип ойлойм...

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×