Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 21.11.2018 11:46

Чоң-Алайдагы окуучу кыздар адам сатууга жана эрте турмуш курууга каршы

Turmush -  Кечээ, 20-ноябрда Чоң-Алайда кыздар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Мелдеш «Адам сатууга каршы 100 күн» маалыматтык кампаниясынын алкагында, «Кыздар эрте турмуш курууга каршы» деген ураан менен уюштурулган.

Ага райондун 15 айылындагы 15 орто мектептин 14 жаштан 17 жашка чейинки окуучулары катышып, эрте турмуш куруунун терс жактары, адам сатууга каршы күрөшүү жөнүндө маалыматка ээ болушту. Мелдештин соңунда 1-орунду В.Ленин мектебинин, 2-орунду А.Мурзакулов мектебинин, 3-орунду Х.Базаров мектебинин окуучулары ээлеген. Ал эми 4-орунга Кармышев орто мектебинин окуучулары чыкты.

Мындан тышкары «Мыкты команда» номинациясына «Көк-Суу» командасы татыктуу болсо, «Мыкты оюнчу» номинациясына Назгүл Мисирали кызы ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×