Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуАлай району 21.11.2018 14:46

Сүрөт: Алайдын тоолорундагы тоо текелер

Turmush -  Алай районунун аймагында жапайы жаныбарлардын санын аныктоо, тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ал үчүн атайын фотокапкандар орнотулуп, тоо текелер сүрөткө тартылып калган. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Алай районундагы өкүлү Алимбек Айдаров кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Алай районунун Тажикстан менен чектешкен Кызыл-Арт ашуусуна чейин жетип, жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүп келишкен.

«Бизге Бор-Дөбө тозотундагы кызматкерлер да жардам беришти. Жыл сайын жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүп турабыз. Атайын фотокапкан дагы коюлган. Анын жардамында Сары-Таш, Сары-Могол, Жылуу-Суу айылдарындагы тоо текелерге, аркар-кулжаларга байкоо жүргүздүк.

Учурда райондо 324 тоо теке жана 15тен ашуун аркар-кулжалар бар экени болжолдонууда. Мындан сырткары өткөн жылдарга салыштырмалуу алардын саны көбөйүп калганы да фотокапкандын жардамында байкалды», - деди А.Айдаров.

Мындай байкоо иштери 20-декабрга чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×