Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуАлай району 22.11.2018 18:13 На русском

Алайдагы жол кырсыктан каза болгон аялдын небереси да көз жумду (сүрөт)

Turmush -   Алайдагы жол кырсыктан каза болгон жүргүнчү аялдын 4 жаштагы небереси да ооруканада көз жумду. Наристенин өмүрүн сактоого дарыгерлер 4 күн аракет кылышкан. Бул маалыматты Ош облустук балдар ооруканасынан тастыкташты.

Окуя 16-ноябрда саат 16:00 чамасында Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусун кесип өткөн Ош – Эркеч-Там унаа жолунун 61-чакырымында болду. Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын 1978-жылы туулган тургуну Д.А. (эркек киши) «ДЭУ Ланос» унаасы менен Ош шаары тарапка бара жаткан. Анын унаасы каршы багыттагы «Мерседес-Бенц» унаасы менен аталган тилкеге жеткенде сүзүшкөн.

Экинчи унааны Алай районунун 1988-жылы туулган тургуну Т.А. (эркек киши) башкарып жүргөн.

Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде Алай районунун 1961-жылы туулган тургуну А.Эгемжарова оор жаракат алып каза болгон.

Ооруканага:

- маркумдун 2014-жылы төрөлгөн небереси (кыз бала, 4 күндөн кийин ооруканада каза болду);

- 2016-жылы төрөлгөн небереси (кыз);

- Алай районунун 1976-жылы туулган тургуну Ж.А. (аял киши, биринчи унаанын жүргүнчүсү) жеткирилген.

20-ноябрь күнү маркумдун 2014-жылы төрөлгөн 4 жаштагы небереси башындагы оор жаракаттын кесепетинен көз жумду. Эки жабырлануучунун абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×