Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Озгон 23.11.2018 17:30

Өзгөндүктөрдүн үнү: Тарыхый шаарда кароосуз калдык (видео)

Turmush -  Өзгөн шаарынын борбордук кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары аларга көңүл бурулбай жатканына нааразы. Учурда көп кабаттуу үйлөрдүн артында баш аламан унаа токтоочу жай пайда болуп, үйлөрдүн канализация маселеси андагы көйгөйлөрдү талкуунун чордонуна алып чыкты.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, унаа токтоочу жайларды жеке тараптар иштетишет. Аларда шарттар дагы каралган эмес. Ушул маселенин тегерегинде борбордук кварталдын башчысы Айша Төрөева мэрияга кайрылып, бирок жыйынтык чыкпай жатканын айтты.

«Ушул шаардын борбордук кварталында 30 жылдан бери жашайм. 30 жылдан бери ушул абал өзгөрбөй келет. Мэриядан бир да адам келип, биздин көйгөйүбүздү сурап койгон жок. Эптеп, өзүбүз күн кечиребиз. Биз дагы адамбыз. Биздин дагы көйгөйүбүздү угуп коюшса болот эле.

Азыркы күндө көп кабаттуу үйлөрдүн алдында деле, артында деле унаа токтоочу жайлар пайда болду. Биз мэрияга: "Бул акчалар кимге кетип жатат? Ким иштетип жатат?", деген суроолорду бердик. Биздин бул маселебизге мэрия көңүл бурбай, өкмөттүн Оштогу өкүлүнө, облустук прокуратурага бардык.

Ушул көйгөйлөрдү көтөрсөм менин гараждарымдан кемчиликтерди издеп жатышат. Жашоочулдардын уруксаты менен гараж курсам, белгиленген жеринен 1 метр өтүп кетиптир деп мага чабуул жасашты», - деди Төрөева.

Мурун азыркы автоунаалар токтоочу жайлардын ордунда балдар ойноочу аянтчалар болгонун Азиз Исаков кошумчалады.

«Бизде балдар ойноочу аянтчалар жокко эсе. Убагында бар болчу, бирок алар четинен сатылып, жок болду. Азыркы учурда балдар ойноочу аянтчалар унаалар токтоочу жайга айланды.

Биз жаш балдарыбызды коргойбуз. Анткени унаалар ары-бери катуу жүрүшөт. Чаң чыгат, түтүнү ден соолукка зыян келтирет. Түтүнү үйгө чейин кирип жатат. Ал эми балдар ойногонго такыр шарт жок», - деди Исаков.

Баш аламан жайгашкан унаа токтоочу жайда күнү-түнү дебей унаалар үзүлбөйт. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө канализация маселеси курч бойдон турат. Жашоочулар өз алдынча септик куруп, анын үстү ачык болгондуктан андан чыккан жагымсыз жыттан көп кабаттуу үйдүн айланасында жүрүүгө болбой калган.

Ал эми Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев борбордук кварталдагы көйгөйлөрдөн жергиликтүү бийликтин кабары бар экенин белгиледи. Анын айтымы боюнча, 2019-жылы аталган кварталга канализация курулуп, үйлөрдүн алды иретке келтирилет.

«Борбордук кварталда канализация жок болгондуктан, жашоочулар өз алдынча септик куруп алышкан. Суу да ошол септиктерге түшүп, жайдын күнү толуп-ташып, жагымсыз жыттар чыгып жатат. Буйруса өкмөттүн колдоосу менен Өзгөн шаарындагы канализация жана таза суу үчүн 11 млн евролук долбоор колдоого алынды. Ошол долбоор 2019-жылдан тарта ишке аша баштайт. Көп кабаттуу үйлөргө канализациялар курулуп калса, көйгөйлөр бир четинен чечиле баштайт эле. Ошондой эле ошол көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы адамдар басчу бөлүгүнө асфальт төшөлүп, ыңгайлуу шарттар түзүлөт», - деди Б.Дыйканбаев.

Бирок райондук бийликтин алдыда жасай турган кадамдары борбордук кварталдагы маселелердин четин гана чече алат. Аталган кварталдагы 32-үйдүн алды сатылып кеткен. Бул жагдай боюнча үйдүн жашоочулары бир жолу эмес, бир нече жолу мэрияга кайрылышкан.

«Ушул жердеги жашоочулар менен биргеликте мэрияга эки жолу бардык. Себеби, биздин үйдүн алдында 13 метр гана жер калыптыр, калганы мэрия тарабынан сатылып кетиптир. Болгондо да ошол жетекчилердин жардамында, алардын катышуусу менен сатылыптыр.

Мэрияга барып, "бул жерде балдар ойноочу аянтча, жашоочулар унаасын токтото турган жай болушу керек, ушул маселелерди чечип бериңиз" деп айтсак, бизге тескери жооп беришти. Экинчи жолу барганыбызда Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоодон өткөргөн кагазын көрсөтүштү. Анда жазылганына караганда, бул жер аукционго коюлуп, ошондо сатылыптыр», - деди жергиликтүү жашоочу Флюра Чакаева.

Жер маселеси курч бойдон турган убакта, балдар ойноочу аянтча талкалана баштаган. Ага кошумча эле үйдүн таштанды таштоочу контейнери толуп, жашоочулар кирүүчү ажатканын абалы кейиштүү абалга келген. Чиновниктер келе турган убакта гана таштандылар тазаланарын айткан Севара Коргонбаева ажатканын кейиштүү абалына токтолуп, балдар ойноочу аянтчанын жыл өтпөй урай баштаганын белгиледи.

«Ушул үйдө 2008-жылдан бери жашайбыз. Балдар ойноочу аянтчанын курулганына 1 жыл болду. Комиссия текшерүүгө келерден мурун отургучтарынан бери иретке келтирип коюшат. Андан кийин эч ким карабайт. Ошондой эле аянтча темирден курулгандыктан балдарга кооптуу.

Ажатканын кейиштүү абалда турганына көп жыл болду», - деди Коргонбаева.

Ал эми шаардык бийлик бул көйгөйлөр чечиле турганын айтат.

Өзгөн шаардык мэриясынын аппарат башчысы Мамытбек Тайлаков бул көйгөйгө байланыштуу: «Борбордук кварталдагы эң көйгөйлүү маселенин бири — канализациянын жоктугу болуп саналат. Ал эми унаалар токтоочу жайларды азыркы күндө эч ким иштетпейт. Аны жашоочулар колдонуп. баш аламан жерге айлантып алышыптыр. Эми унаалар токтоочу жер сынак аркылуу жеке тараптарга берилгени турат. Ал эми балдар ойноочу аянтчанын сапаты жаман экени тууралуу маалыматтар бизде да бар. Анын сапатына курган компания жооп бериши керек», - деп жооп берди.

Өзгөн шаары Кыргызстандагы байыркы шаарлардан болуп саналат. Убагында шаар Караханиддер каганатынын борбору болуп турган.

Учурда Өзгөн шаарындагы борбордук кварталда 12 көп кабаттуу үйлөр бар. Анда 2 миңге жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×