Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуАлай району 23.11.2018 10:15

Алайда автоунаа бир нече жолу оодарылып, жүргүнчү ошол жерде каза болду (сүрөт)

Turmush -   Алайда автоунаа бир нече жолу оодарылып, жүргүнчү окуя болгон жерде каза болду. Бул кырсыкты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, окуя 22-ноябрда саат 10:30 чамасында Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын Чоң-Каракол аймагын кесип өткөн жерде болгон. Алай районунун Сары-Таш айылынын 1981-жылы туулган тургуну М.У. «Хонда Степвагон» унаасы менен Ош багыты боюнча бара жатып, ОшЭркеч-Там унаа жолунун 143-чакырымына жеткенде башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен унаа жолдун түндүк тарабындагы Гүлчө дарыясынын жээгине чыгып, бир нече жолу оодарылып кетти.

Унаанын алдында отурган жүргүнчүсү Алай районунун 1986-жылы туулган тургуну А.Ж. (эркек адам) окуя болгон жерде каза болуп, анын денесине тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми айдоочу жабыркаган эмес. Унаада 2 адам болгон.

Учурда бул окуяны Алай РИИБдин кызматкерлери териштирип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×