Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Озгон 24.11.2018 15:40 На русском

Шарты начар, абалы кейиштүү: Өзгөндөгү базар башка жакка көчүрүлмөк болуп жатат (видео)

Turmush -  Өзгөн шаарындагы борбордук базардын бүгүнкү абалы базарды башка жакка жылдырууга түрткү болуп жатат.

Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаевдин айтымында, акыркы убакта базар боюнча жергиликтүүлөрдөн көп даттануулар түшүүдө.

«Шаар деген шаардай болуп таза, парктар курулуп, шаардын эли өзгөчөлөнүп турушу керек да. Өзгөн шаарын ала турган болсок, айылдарга караганда Өзгөн шаары булганып кетти. Анткени шаардын так ортосунда базар жайгашкан. Ал базардан ар кандай таштандылар чыгып жатат. Таштандыларды бир күн тазалашса, бир тазалашпайт. Мына ошондой көйгөйлүү маселелер бар. Мындайча айтканда таштандылары менен абдан элди кыйнап жаткан курулуш базары болуп эсептелет. Себеби көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан. Анан ошол көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынан көптөгөн арыздар келип жатат», - деди ал.

Базарда иштеген соодагерлер да аны жылдырууга каршы эмес. Борбордук базар шаардын борборунан орун алган. Ага келген адамдардын көптүгүнөн унаа тыгындары жаралат. Мындан улам жергиликтүүлөр андагы маселенин чечилүүсүн каалашат.

Борбордук базарда сатуучулук кылып алектенген Бактыгүл Исмаилова базардын башка жакка көчүрүлүүсүн биринчилерден болуп колдоп чыккан.

«Бул базарды баш-аягы менен кошуп башка жакка жылдырып, шартын жакшы түзсө элдин баары эле бара бермек. Анан бул базардын абалы абдан начарлашты. Эгер базар көчүрүлбөсө, анда мунун шартын жакшылоо керек. Базарга өрт өчүрүү унаа такыр кире албайт», - деди Исмаилова.

Дагы бир сатуучу Зарылбек Ысмайылов базарды жакраксыз абалга кептелгенин билдирди.
«Базар баш-аягы менен жылдырылса жакшы болот эле. Азыркы күндө базардын катарлары абдан тар, адам зорго аралап өтөт. Базардын бүгүнкү абалы абдан кейиштүү», - деди Ысмайылов.

Аталган базар 2003-жылы көчүрүлмөй болгон. Бирок анда белгисиз себептерден улам жылдырылбай калган. Анын чет жакка жылбай калганы аз келгенсип, ага бөлүнгөн 14 гектар жердин 5 гектары сатылып кеткен.

«Азыркы борбордук базар шаардын сыртына чыгарылсын деген токтом 2003-жылы 13-майда чыккан. Анда базар үчүн 14 гектар жер бөлүнгөн экен. Бирок ошол жерлер ар кандай жолдор менен сатылып кеткен. Азыркы күндө ошол жерде 9 гектар жер калган экен. Ошол жерге жылдырууну каалап жатабыз. Ал жер Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылында жайгашкан. Мына ошол жерге муниципалдык базар салалы, эл 21-кылдымдын шартарына ылайык базарда жашасын деп жылдырганы жатабыз. Аны муниципалдык базар кылсак, андан райондун казынасына акча түшмөк», - деди акимдин орун басары Болот Дыйканбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×