Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуНоокат району 26.11.2018 12:56 На русском

Бала бакча, уюлдук байланыш жок... Замандан артта калган Ак-Терек айылы (сүрөт, видео)

Turmush -  Ноокат районундагы Ноокат—Ош жолунун боюнда жайгашкан Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылында бала бакча жок. ФАП да начар абалда, уюлдук байланыш орнотула элек, деди жергиликтүү жашоочу Мукарам Сейдалиева.

Анын айтымында, айыл эли бала бакча менен байланышка көбүрөөк муктаж.

«Балдарыбыз мектепке барса да эч нерсе билишпейт. Баланын саны деле жетиштүү. Бизде түтүн аз дегени менен башка райондордо кожолугу бизден да аз айылдар бар. Мектеп да карлик тибинде, балдар 4-класска чейин эле окушат. Алар 4-классты аяктагандан кийин башка мектепке которулушат. Телефон байланышы да маселе жаратат. Кызымдын толгоосу башталганда кошуналардын аралыгы алыс болгондуктан телефон чала албай кыйналдык. ФАПтын да абалы начар», - дейт Сейдалиева.

Ал эми ФАПтын кызматкери Замира Султанова имарат тар болуп, медициналык жабдыктардын да эскилиги жеткенин айтат.

«ФАП 2001-жылы биз отурукташкан жерге көчүрүлгөн. Эки бөлмөлүү дарылоочу жай талапка такыр жооп бербейт. Дене табы көтөрүлүп келген адамга парацетамол гана бере алабыз. Эшигибиздин алдында тосмо жок болгондуктан шамал болуп, жамгыр жааганда сыртка чыгууга мүмкүн болбойт. Жабдыктардын да эскилиги жеткен», - деди Султанова.

Айылдагы кээ бир жерлерде гана телефон менен байланышууга болот. Ал үчүн телефонду ошол жерге коюп, күтүп туруу керектигин айыл тургуну Айбек Каримбердиев айтты.

«Мындан 2-3 жыл мурда абоненттердин санын топтоп, Ош шаарындагы компанияга таштап келгем. Бирок жыйынтык жок. Чет жерде иштеген бир туугандарыбыз менен байланышуу кыйынчылык жаратып жатат. Карыган ата-энелерибизди телефон менен сүйлөштүрүү үчүн адырдын башына чыгара албайбыз. Жаңы конуш болсок да бир жөн», - деди ал.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Бексултан Ташболот уулунун айтымында, 2022-жылга чейин бала бакча, мектеп, ФАП курулат.

«Ак-Терек айылында 60 түтүн эл жашайт. Жаңы мектептин курулушу 2019-жылы башталары болжолдонууда. Айылдын бюджети 2 млн 700 миң сом гана, аны менен өзүбүз жаңы имарат кура албайбыз. Жаңы мектеп курулса, эски мектеп бала бакчага айланат. Ал эми байланыш боюнча айтсам, июнь айында компаниялардын бирине өтүнүч кат жибергенбиз. Ош—Ноокат жолунан өткөндөр да байланышат деп, абоненттин саны көбөйтүлгөн. Бул маселе да чечилет», - деди Бексултан Ташболот уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×