Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Кара-Суу 26.11.2018 14:13 На русском

Кара-Суу шаарында сибирь жарасынын 5 чордону бар. Бири тургундун короосунда жайгашкан

Turmush -  Кара-Суу шаарындагы 5 жерде күйдүргүнүн чордону бар. Жергиликтүү тургундар сибирь жарасынын чордонунан кооптонушат. Анткени шаарды 2 ирет суу каптап, сибирь жарасы жашырылган чордондорду да каптаган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар Кара-Суу районунда өткөн «Бирдиктүү алдын алуу күнү» аттуу иш-чарада бул маселени көтөрүп чыгышкан. Иш-чарага укук коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо органдардын, ӨКМдин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, айыл аймактардын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, суу чарба, электр тармактары, фитосанитария жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып, комплекстүү алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн.

Жергиликтүү тургундар тарабынан жалпы 133 ар түрдүү көйгөйлөр, алардын ичинен 4 маселе ИИМге, 22 маселе саламаттыкты сактоо жаатында, 6 маселе билим берүү жаатында, 25 маселе социалдык тармактар боюнча, 17 маселе жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, 35 маселе коммуналдык кызматтар боюнча, 13 маселе пенсия, жөлөк пул боюнча, 8 маселе Өзгөчө кырдаалдар министрлигине айтылган.

«Кара-Суу шаарындагы сибирь жарасынын чордондорунун бири Ош көчөсүндөгү тургундун короосунан орун алган. Ал жерге 1946-жылы бул оору менен ооруган мал көмүлгөн. Сибирь жарасы табылган аймактар көзөмөлдө турат, буга карабай жергиликтүүлөр кооптонуп келишет. Мындан улам шаар тургундары сибирь жарасы жашырылган чордондорду катуу көзөмөлгө алып берүүнү суранышкан.

Ал эми укук бузуунун 99 пайызы социалдык маселелерден чыгарын Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан аныкталган. Убагында социалдык маселер чечилбей, ал укук бузууга алып келүүдө. Жер талаш, эки кошунанын пикир келишпестигинен улам бири-биринин денесине залал келтирүү болуп, укук бузуу катталууда. Социалдык көйгөйлөр убагында чечилсе, укук бузуулардын саны азаят. Бирдиктүү алдын алуу иш чаралары мындар ары ар ай сайын жер-жерлерде, райондордо өткөрүлүп турат», - деди Жеңиш Аширбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×