Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 27.11.2018 08:10 На русском

31 окуучу кармалды: Кара-Сууда окуучулар массалык түрдө мушташып, бирөөсү ооруканага түштү

Turmush -  Кара-Суу районунда 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү массалык мушташка катышкан 31 окуучу кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, милицияга 21-ноябрда саат 23:30 чамасында өспүрүмдөр мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, мушташка катышкан 2002-2003-жылы туулган 31 баланы кармашкан. Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган Н уулу Н. денесинин ар жерине миздүү нерсе менен жаракат алып (өмүрүнө коркунуч келтирбеген жараттар), Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда жабырлануучунун абалы жакшы.

Мушташка катышкан балдар Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагы менен Сарай айыл аймагынын мектебинин биринде окуган 10-11-класстын окуучулары экендиги аныкталды. Окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×