Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуАлай району 27.11.2018 12:31 На русском

Мэр менен ырчыга белек. Сүрөттөрдү жип, мык менен тарткан 18 жаштагы Аматгазынын эмгектери (сүрөт, видео)

Turmush -  Алай районунун Кең-Жылга айылынын 18 жаштагы тургуну Аматгазы Икрам уулу мык жана жип менен сүрөт тартат. Ал эмгектерин Ош шаарынын мэрине жана ырчы Нурлан Насипке белек кылганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Аматгазы учурда Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде билим алып жатат. Ал 3 жылдан бери тактайдын бетине жип жана мыктын жардамы менен жаратылыштын, адамдын сүрөтүн түшүрөт. Кичинесинен сүрөт тартууга кызыккан Аматгазынын алгачкы жасаган эмгеги ат болгон.

«Сыналгыдан франциялык жигит америкалык белгилүү ырчынын элесин мык, жип менен тактай бетине түшүргөнүн көрүп, кызыгуу пайда болгон. Адамдын портрети менен жаратылышты тартуу кыйын, көп убакытты талап кылат. Сүрөт тартып жатканда биринчиден сабырдуулук жана кылдаттык керек. Анткени бир жерден ката кетирсең, сүрөттүн көркү бузулат. Быйыл Кыргызстандын гербин жана желегин тактайчага мык жана жиптин жардамында түшүрүп, Ош шаарынын мэрине тапшырдым. Ырчы Нурлан Насип Алай районуна концерт коюп келгенде анын портретин тартып, белекке бердим», - деди Аматгазы.

Сүрөттү жасоого 1 килограммдан 5 килограммга чейин мык жана ар кандай түстөгү жиптер колдонулат. Ал бир сүрөттү 5 күндө жасап бүтүрөт.

«Жасаган эмгектеримди көбүнчө жакындарыма белек катары тапшырам. Учурда буйрутмаларды да кабыл алып, эмгегимдин артынан каражат таап келе жатам. Чоң сүрөттөр 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин бааланат. Бирок көбүнчө студенттер кайрылгандыктан аларга миң сомдун тегерегинде жасап берем. Алардын шартын жакшы түшүнөм. Анткени өзүм да студентмин (күлүп)», - дейт Аматгазы.

Ал Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазуучунун сүрөтүн тактайдын бетине түшүрүп, мактоого татыган. Эми окуу жайдын ректоруна тулпардын элесин тактайчага түшүрүп, белек кылууга даярданып жатат.

Жаш сүрөтчү чет өлкөлөргө барып, Кыргызстандын кооз жерлерин тартып, баарын таң калтырууну, өзүнөн кийинки жаштарга бул өнөрдү үйрөтүүнү кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×