Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 27.11.2018 13:19 На русском

Кара-Суудагы окуучулардын массалык мушташы: Ооруканага түшкөн өспүрүм 9 жеринен жаракат алган

Turmush -  Кара-Суу районундагы массалык мушташтан кийин ооруканага түшкөн окуучу 9 жеринен жаракат алган. Бул маалыматты ооруканадан тастыкташты.

Миздүү буюмдан жаракат алган окуучунун абалы учурда оор туруктуу. Ал эми Ош ОИИБдин маалыматы боюнча, окуя боюнча 31 окуучу кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбашчылык) негизинде кылмыш иш козголду. Ошондой эле миздүү буюм учурда соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Буга чейин маалым болгондой, милиция кызматкерлерине 21-ноябрда саат 23:30 чамасында өспүрүмдөр мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, мушташка катышкан 2002-2003-жылы туулган 31 баланы кармашкан. Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган тургуну Н уулу Н. денесинен жаракат алып (өмүрүнө коркунуч келтирбеген жараттар), Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген болчу.

Мушташка катышкан балдар Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагы менен Сарай айыл аймагынын мектебинин биринде окуган 10-11-класстын окуучулары экендиги аныкталды. Окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×