Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 27.11.2018 14:54 На русском

Кара-Суудагы балдардын массалык мушташы: Окуучу жигит учтуу нерсе менен 9 жеринен жаракат алды

Turmush -  Кара-Суу районундагы окуучулардын массалык мушташында жаракат алган бала Сарай айыл өкмөтүнүн тургуну болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал 9-классты бүтүп, Жоош айыл өкмөтүндө жайгашкан кесиптик лицейде окуп жүргөн. Лицейде окуп жүргөн учурда Жоош айылындагы балдар жергиликтүүбүз деп балага көп жолу тийишип жүрүшкөн. Кийин жабыркаган бала Сарай айыл өкмөтүндөгү классташтарын чогултуп, Жоош айылындагы өзүнө тийишкен балдардан өч алуу үчүн жолугушууга барган. Жолугушуу чырга айланган учурда милиция кызматкерлери балдардын мушташынын алдын алып калган. Бирок милиция кызматкерлерин көргөн балдар жабырлануучуну миздүү нерсе менен 9 жолу тилип качканга үлгүрүшкөн.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Кара-Суу районунда 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү массалык мушташка катышкан 31 окуучу кармалганы кабарланган.

Маалым болгондой, милицияга 21-ноябрда саат 23:30 чамасында өспүрүмдөр мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, мушташка катышкан 2002-2003-жылы туулган 31 баланы кармашкан. Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган Н уулу Н. денесинин ар жерине миздүү нерсе менен жаракат алып (өмүрүнө коркунуч келтирбеген жараттар), Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Мушташка катышкан балдар Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагы менен Сарай айыл аймагынын мектебинин биринде окуган 10-11-класстын окуучулары экендиги аныкталган. Окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, тергөө иштери жүрүп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×