Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуНоокат району 27.11.2018 17:51

Ноокатта Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган үч айлык иш-чара жыйынтыкталды

Turmush -  Бүгүн, 27-ноябрда Ноокат районунда «Эне тил жана Айтматов» аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын, «Айтматов жана тил» фестивалынын жыйынтыктоочу бөлүгү өттү. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

Үч айлык сентябрь айында башталып, ар бир мекемеде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Бүгүн билим берүү мекемелеринде сүрөт, кол өнөрчүлүк, скульптура жана башка тармактар боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп, сахналаштырылган адабий кече да өттү.

Сынакка активдүү катышкан Төөлөс, Кыргыз-Ата, Кулатов айыл өкмөтүндөгү мектептер баалуу белектер менен сыйланды. Уркуя Салиева орто мектебинин окуучулары жазуучунун каармандарын сайма менен чагылдырса, Крупская мектебинин окуучулары компьютердин жардамы менен чагылдырышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×