Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуНоокат району 28.11.2018 13:14 На русском

Кеңеш айыл өкмөтүндө алгачкы жолу футбол аянтчасы курулду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 27-ноябрда Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө алгачкы футбол аянтчасы колдонууга берилди. Анын курулушу 2017-жылы башталганын айыл өкмөт башчысынын орун басары Жеңишбек Исаев билдирди.

Жеңишбек Исаев: «Аянтча Куу-Майдан айылына курулуп, ижарага берилди. Ижаранын акысы жергиликтүү бюджетке түшөт. Айыл өкмөт иш-чараларда жана футбол командалары акысыз пайдаланышат. Аянтчаны куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 364 миң сом, республикалык бюджеттен 1 млн 556 миң сом бөлүндү. Аянтча маданият үйүнүн алдына курулду», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×