Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 28.11.2018 19:03

9 кыздуу болгон Өлмас апа: Кайненем уул күтсө, кошуналар «дагы кыз төрөдүңбү?» деп сурашчу (сүрөт)

Turmush -  70 жаштагы баатыр эне Өлмас Ажимаматова Өзгөндүн Куршаб айылында жашайт. 9 кыз, 1 уулду өстүргөн эне 27 небере жана 4 чөбөрөлүү болду. Ал кыздарынын баарын турмушка узатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Кыздарым уулдан ашса ашат, кем калбайт деген Өлмас апа: «8-классты бүткөндө атамдар "жашы өтүп кетти" деп күйөөгө берип коюшкан. Ал учурда кудалашып коюшчу эле. Жаңы келин болгондо эле боюмда болуп, кыз төрөп, ал чарчап калган. Андан кийин уул төрөдүм. Уулдан соң эки жолу боюма бүтүп, бири чарчап, бири боюмдан түшүп калды. Алар да уул бала болчу. Кайра-кайра төрөй бербей, боюмдан алдырайын десем, өзүмдүн апам "кийин ооруп тура албай каласың, ырыскылары өзүндө" деп урушкан. Кыздарымдын аралыгы 1-2 жаш болуп, эки бешикке бөлөп, эмизип баккам. Азыр кыздарым балдарына кошумча тамак беришсе урушам», - дейт ал.

олмас

Өлмөс апа төрөгөн сайын кошуналарынан, жакындарынан «дагы кыз төрөдүңбү?» деген сөздөрдү уккан. 9 кыздын кийимин жууп жайса, бакчаны ээлеп калып, көчөдө өтүп бара жаткандар таң калышчу.

«Боюмда барда да, төрөгөндөн кийин да тамеки терип иштедим. Жолдошум сүт ташыган унаанын айдоочусу болчу. Мурдагы эркектер азыркылардай баласына үйрүлүп, аялына жардам беришпейт эле. Эки бешикти эки бутум менен терметип, колум менен тамеки тизген күндөр болгон. Төрөткана да жакын болгондуктан чуркап кирип төрөп, өзүм эле үйгө кетип калчумун. Түнү менен кир жууп, таңга маал нан бышырып коюп, талаага кетем. Кыздарым да жоош болуп, бири-бирин чоңойтушту. Биринин эскисин бири кийип, мени кыйнабай, өз күчтөрү менен окуду. Өздөрү "бизди жыкпай, күйгүзбөй кантип бактыңыз?" деп сурап калышат», - деди Өлмас Ажимаматова.

111

Баатыр эненин айтымында, кыз төрөгөн сайын кайненеси уулдан үмүт кылып, кыздарынын атын да өзгөртүп баштаган. Ал неберелерин Үмүтай, Бурулай, Уулжан деп атап, акырында «кыздан жээридик» деп Жеришгүл ысымын ыйгарган.

«Жолдошум төрөтканага сүйүнүп барып, кубанып эле алып чыкчу. Ыраматылык кайненем "уруп, сөкпөйсүңбү, кыз эле төрөйт" деп калчу. Көрсө илгеркилердин баарынын эле түшүнүгү окшош экен. Уулум жалгыз баладай болуп тентек кылган жок. Кыздарымды бешикке бөлөп берип кетсем, карап отура берчү. Конокко бала жетелебей барчумун», - деди ал.

олмас 2 Өлмас апанын жолдошу 6 жыл мурда каза болгон. Аны кыздары жыл сайын эс алдырып турушат.

«Кыздарым үйгө келгенде бака-шака түшүп калабыз. Кыз бала энеге күйүмдүү болот экен. Алар бири-бирин да колдоп турушат. Ал эми "Баатыр эне" наамын союз убагында алгам», - деди ал.

олмас 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×