Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 28.11.2018 17:06

Ош облустук соту да Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын дипломун жараксыз деп тапты

Turmush -  Ош облустук соту Кара-Суу районунун Нарман айыл өкмөтүнүн башчысы Улугбек Рахмановдун димломун жараксыз деп тапты. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз катчысы билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчысынын диплому боюнча соттук отурум ушул жылдын 26-ноябрында өтүп, облустук сот Ош шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Улугбек Рахманов

353877.1.1539683936

Буга чейин Ош шаардык соту анын дипломун жараксыз деп тапкан болчу.

«Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесиндеги талаптарга ылайык, жоопкерчиликке тартуу мөөнөтүү өтүп кеткендигине байланыштуу ал жаза жоопкерчилигинен бошотулган. Ош облусунун доо арызы канаттандырылып, Улукбек Рахмановго 2016-жылдын 16-июнунда Ош мамлекеттик юридикалык институту тарабынан берилген диплом жараксыз деп табылган. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек, тараптар тарабынан аппеляциялык тартипте даттанып, аталган иш Ош облустук сотто каралууда. Ош шаардык соту тарабынан айыл өкмөт башчысына эч жакка кетпөө боюнча бөгөт чарасы коюлган», - деп билдирген Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы.

Айыпталып жаткан айыл өкмөт башчысы Улугбек Рахманов өкүмгө нааразы экенин айтып, аппеляциялык тартипте Жогорку сотко кайрыларын билдирди.

Акыркы убактарда Кара-Суу районундагы айрым айыл өкмөт башчыларына нааразычылыктар токтобой келет. Нааразычылыктардын басымдуу бөлүгү жер чырына байланыштуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×