Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 29.11.2018 12:19 На русском

Зергерде жер көчкү кооптуулугу бар аймактагы 121 үй-бүлө көчө элек. Министр эл менен жолукту (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүндөгү жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган тургундар башка жерге көчүүдөн баш тартышууда. Бул тууралуу бүгүн, 29- ноябрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов эл менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууга министр Нурболот Мирзахмедов, Өзгөн районунун акими Бактыбек Айылчиев, жергиликтүү тургундар катышты.

Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухаммед Бокошевдин айтымында, көчпөй жаткан 121 үй-бүлө сотко берилген.

«Зергер айыл өкмөтү боюнча 905 үйдү кооптуу жайдан көчүрүү зарыл. 2003-жылдан 2016-жылга чейин 351 жаранга ӨКМден көчүрүлсүн деген корутунду чыккан. Анын ичинен 175 үй-бүлө өкмөттөн ссуда алып көчсө, 75 үй-бүлө ссуда алган эмес. Ал эми 100 үй-бүлө ссуда алып, бирок көчпөй жатат. Биз азыр эскертүү берип гана чектелип жатабыз. Көчүүдөн баш тарткан 121 үй-бүлөнү сотко бергем. Сот 110 үй-бүлөгө көчсүн деген чечим чыгарып берди», - деди айыл өкмөт башчы.

Ал эми жергиликтүү тургандардын бири Момун Сулаймановдун айтымында, 8 сотых жер мал менен кошо барууга тардык кылат.

«Бизге 80 чакырым алыстыктан, Төрт-Көл айылынан жер берип жатат. Ал жерге биз малыбыз менен бара албайбыз. Тиричилик мал менен өтсө, малсыз кантип жашайбыз. Бизге өзүбүздүн эле айыл өкмөттөн коопсуз жер таап беришсин», - деди ал.

Жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү мал-жайын таштап көчүп кете албай жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып, жашоочуларды көчүүгө чакырды.

«Сиздер коопсуз жерлерге көчүңүздөр. Жер берилип жатат, убагында көчпөй, кооптуу абал жаралса, мажбурлап көчүрөбүз. Кыргызстандын тоолору жаш болгондуктан быйылкы жылы 3 миң ирет жер титирөө катталды. 93 жолу өзгөчө кырдаал болуп, 14 адам каза болду», - деди министр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×