Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуНоокат району 29.11.2018 16:41 На русском

Ноокаттык мергенчи жылкы жана топоздорго кол салган карышкырды тузакка түшүрдү (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Кой, Шаң-Кол тоолорунан жылкыга, топозго кол салган карышкыр тирүү кармалды. Бул тууралуу биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүнө караштуу Араван районунун аңчы адиси, түштүк аймагы боюнча аңчы ыкчам топтун башчысы Төлөнбай Каримов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургун Рустамбек Матишов бир жума мурун малга кол салган карышкырды тузакка түшүргөн. Карышкырлар топ жылкыга, топоз жана малга кол салып жүргөн. Мергенчи карышкыр өткөн жолго тузак коюп, карышкырды тирүүлөй кармады.

578847.921ad15812f094f31f20d124e39bfcec «Мындан сырткары ошол эле тоолордон 3 чөө атып өлтүргөн. Негизи карышкырлар кыш айларында элдин малына көп кол салат. Бирок кыш айында карышкырларды кармоого да оңой болот. Анткени карышкырдын жолун калың карга түшкөн изинен улам оңой табууга болот», - деди ал.

578850.e7508dbbdc2481e83a985dc9e322b14f

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×