Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 29.11.2018 17:44 На русском

Жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөр көчүрүлгөн Ынтымак айылы 1 жылдан кийин (фоторепортаж)

Turmush -  Өзгөн району үчүн былтыркы жыл эң оор жылдардын бири болду. Райондогу Зергер, Караташ, Жалпак-Таш, Чангет, Көлдүк, Алтын-Булак айыл өкмөттөрүндө жер көчкү түшүп, 1039 адам жер которууга аргасыз болушкан.

Зергер айыл өкмөтүнүн Аюу-Сай айылындагы жер көчкү 24 адамдын өмүрүн алган. Жаратылыш кырсыгынан кийин 164 адамга Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Ана-Кызыл айылынан жер берилип, үйүнөн ажыраган үй-бүлөлөргө турак жай салынган. Ал эми Караташ, Жалпак-Таш, Чангет, Көлдүк, Алтын-Булак айыл өкмөтүндөгү 800дөн ашуун үй-бүлөгө Кызыл-Октябрь айылындагы Жаман-Адыр тилкесинен жер берилген.

Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиевдин маалыматы боюнча, учурда Жаман-Адыр тилкеси Ынтымак айылы болуп өзгөрүп, 274 үй курулду. Жер көчкүдөн жабыркаган 316 адамга 300 миң сомдон 7 пайыз менен 7 жылга ипотекалык насыялар берилген. Ынтымак айылына электр энергиясы тартылып, таза суу, сугат суу жеткирилди. Негизги жол асфальтталып, түнкү чырактар орнотулган. Учурда айылда 500гө жакын тургун жашап жатат.

(1 жыл мурунку сүрөттөр)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×