Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 29.11.2018 18:11 На русском

Сүрөт: Өзгөндө жүк ташыган унаа менен кагышкан «Мерседес-Бенц» талкаланып, 3 адам жабыркады

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрга караган түнү саат 00:40 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 610-чакырымында, тактап айтканда Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагына караштуу Прогресс айылында катталган жол кырсыктан 3 адам жабыркады.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, Жылалды айылынын 1983-жылы туулган тургуну А.Р. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, Аксы районунун Кулук-Дөбө айылынын 1983-жылы туулган С.Э.нин башкаруусундагы жүк ташуучу унааны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц» унаасындагы 37 жаштагы Э.А., 34 жаштагы У.А. жана айдоочу жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилди.

Учурда бул жол кырсык боюнча РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×