Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 03.12.2018 22:21 На русском

«Чөө кол салган жокпу деп тынчсызданабыз»: Ынтымактагы окуучулар 7 км алыстагы мектепке жөө катташат (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылындагы мектептин курулушу бүтпөй, окуучулар 7 чакырым алыстагы мектепке барууга аргасыз болууда. Экинчи кезметте окуган окуучулар үйлөрүнө келүү үчүн ээн талааны басып өтүшөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жашоочулар билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын бири Рысбек Парманкуловдун айтымында, балдарга чөө кол салган жокпу деп тынчсызданышат. Ал эми окуучулар мектепке баруу үчүн түнкү саат төрттө туруп даярданышат.

«Биз жер көчкүдөн улам былтыр Жалпак-Таш айыл өкмөтүнөн көчүп келгенбиз. Учурда жаңы мектеп толугу менен курулуп бүтпөгөнүнө байланыштуу балдарыбыз 7 чакырымды жөө басып, Куршаб айыл өкмөтүндөгү Токтогул мектебине барып жатышат. Эртең менен, түштөн кийин окуган балдар да кыйналышат. Менин да неберелерим мектепке барат. Кечигип барса, мугалимдери урушат экен. Суук болгон күндөрү барбай калып жатышат. Ээн талаада кечкисин чөөлөр көп болот. Балдарыбыздын алыс мектепке барганы бизди түйшөлтүүдө. Айрым учурда өзүбүз жеткирип келебиз. Жаңы курулуп жаткан мектепте башталгыч класстын окуучулары гана окуп жатышат. 5-класстан жогоркулар Токтогул мектебине барышат. Бизге жаңы мектепти тезирээк ачып беришсе жакшы болмок. Балдарыбыз түнкү саат төрттө ойгонуп, мектепке даярданышат», - деди Р. Парманкулов.

Ынтымак айылындагы жаңы курулуп жаткан 275 орундуу мектепке Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылганын мектеп директору Раиса Турдубаева билдирди.

«Биз 178 баланы каттоодон өткөргөнбүз. Мектептин курулушу толугу менен бүтө электигине байланыштуу башталгыч класстын 60 окуучусу гана билим алууда. Мектеп ачылса 11-класска чейинки окуучулар ушул мектептен билим алышат», - деди директор.

Ал эми Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиевдин айтымында, мектептин курулушунун кечигип жатканына курулуш компаниянын кызматкерлеринин жалкоолугу себеп болгон.

«Курулуш компаниянын жумушчуларынын жалкоолугунан мектептин курулушу аяктабай турат. Анын курулушуна 6 млн 900 миң сом бөлүнө элек. Ушул каражатты негиз кылып, ишти кечеңдетип жатышат. Биз өкмөттүн Оштогу өкүлү менен бирге текшерип, курулуш иштерин бүтүрүү үчүн 10 күн мөөнөт бергенбиз», - деди Б.Алайчиев.

Аталган мектептин жалпы сметалык баасы 92 млн сомду түзөт. Өткөн жылы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин Ош облусуна болгон сапарында мектептин курулуш иштери жай жүрүп жатканы маалым болгон. Анда мектептин курулушу өткөн жылдын 25-декабрында бүтөрү айтылган. Арадан 1 жыл өткөнүнө карабай, мектептин курулушу толугу менен бүтө элек.

Жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөр көчүрүлгөн Ынтымак айылы 1 жылдан кийин

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×