Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 30.11.2018 14:25 На русском

Метродогу VIP-кабина, укмуштуудай имараттар: Дубайда окуган Адилет шаар тууралуу айтып берди (сүрөт)

Turmush -  20 жаштагы Адилет Абдижапар уулу Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында окуп жана кофе чыгарган компаниялардын биринде эмгектенип жатат. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну.

Адилеттин Дубайга келгенине 6 ай гана болгон. Учурда Оксфорд университетинин колледжинде дистанттык окуу бөлүмүнүн туризм жана саякат адистиги боюнча билим алып жатат. Ал ата-энесинен акча албай, айылга акча жөнөтүп турат.

«Чет өлкөдөн билим алууну максат кылып, мектептен тил үйрөнүүгө басым жасагам. Жаңы келгенде англис тилин жакшы билгеним менен бул жактагы ар улуттун түрдүү акцентине көнүүгө бир аз убакыт кетти. Биздин мектеп, университеттерде англис тилин туура сүйлөөгө үйрөтөм деп кыйнала беришет. Бирок чет өлкөдө эч ким туура сүйлөбөйт. Күн сайын миңдеген сөз сүйлөйсүң, анын баарын грамматикага тууралап айтуу кыйын. Ошондуктан туура сүйлөөгө эмес, ката болсо да такалбай сүйлөөгө үйрөтүү туура деп ойлойм. Кыргызстанда тажатма ыкмалар менен билим беришет. Коёндой окшош темалар, тапшырмаларды берип, аны кайра сурашат. Мен окуп жаткан окуу жайда турмушта колдонула турган тажрыйбаларды үйрөтүшөт.

Бул жакка жаңы келгенде аба ырайына көнө албай, бир аз кыйналдым. Бирок азыр салкын, жагымдуу аба ырайы болуп, кыйналбай калдым. Бул жерден эстен кеткис окуяларга туш болдум. Бир жолу адашып метронун VIP-кабинасына отуруп алыптырмын. Көрсө ал жакка жалаң "крутой" адамдар түшөт экен. Бир-эки айдан кийин көнүп кеттим», - дейт Адилет.

Анын айтымында, Дубай рекорддордун шаары деп аталып келет. Шаарда дүйнөдөгү эң бийик имарат, мейманкана, эң чоң гүл бакчалар жайгашкан.

«Дубайды видео, сүрөттөрдөн көрүү башка, жанынан көрүү башкача сезимдер менен коштолот экен. Кыргызстандан келген досум экөөбүз оозубуз ачылып таң калбасак да, кыйлага чейин суктанып жүрдүк. Курулуш тармагындагы укмуштар аябай таасир калтырат. Мисалы, Абу-Даби шаарында күндүз күн ысыганда сырты автоматтык түрдө жабылып, күн салкындаса кайра ачылган имарат бар экен. Музыканын ыргагына карап кыймылдаган оргумалар, кеменин формасындагы мейманкананы көрүү кызыктуу болду. Чөл болгону менен көпчүлүк жерлерди гүл бакчага айландырып коюшкан. Тамак-аш жагынан кыйынчылык деле болгон жок. Кыргызстандан айырмасы бул жакта күн сайын сууну сатып алабыз.

Бир күнү кеменин формасындагы мейманкананын жанында жайгашкан пляжда сууга түштүк. Бизге суу абдан туздуу экенин эскертишкен эмес. Сүйүнүп, эч нерсеге карабай сууга түштүк. Абдан туздуу экен, оозубуз туз даамданып, көзүбүз ачышты», - деди ал.

Адилет климаты, кооздугу, жашоого ыңгайлуулугу жагынан Кыргызстанга тең келе турган өлкөлөр аз деп ойлойт. Ал чет өлкөдөн билим алып, тажрыйба топтоп, мекенине кайтып, кызмат кылууну максаты кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×