Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуАраван району 30.11.2018 16:09

Аравандын Жаңы-Арык айылында 90 орундуу бала бакча ачылды (сүрөт)

Turmush -  Араван районунун Маңгыт айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылында 29 млн сомго курулган 90 орундуу «Жаш муун» бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Маңгыт айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Нурлан Токтоматов билдирди.

Анын айтымында, учурда бала бакчада 3 тайпа түзүлүп, 90 бала тарбияланып жатат.

Буга чейин жергиликтүү тургундардын бири Азадахан Исакбаева айылдагы мектептен 2 бөлмөнү бала бакча ачуу үчүн бөлдүртүп, ал жерде 50 бала тарбияланып келген. Учурда жаңы ачылган бала бакчага 3 жаштан 5 жашка чейинки балдар кабыл алынды.

«Мурун мектептин 2 бөлмөсүндө 50 баланы тарбияласак, эми 90 баланы тарбиялап жатабыз. Буга чейин өкмөт 50 баланын ар биринин тамак-ашы үчүн 400 сом берип, ата-энелер да 400 сомдон төлөшчү. Учурда дагы 40 бала кошулду», - деди Исакбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×