Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуНоокат району 30.11.2018 17:42 Жаңыланды: 30.11.2018 19:14

Орус элине күйөө бала болгон ноокаттык Асандын сүйүүсү, Россиядагы жашоосу: Мушкердин ийгилик баяны (сүрөт)

Turmush -  Азыр кыргыз мекендештерибизди дүйнөнүн булуӊ-бурчунан жолуктурсак болот. Алардын арасында ийгиликтерге жетишип, өз бактыларын таап, кыргыздын желегин алыстан туруп желбиретип жүргөндөр бар экенин угуп да, көрүп да жүрөбүз. Бул жолу Turmush басылмасынын кабарчысы Россиядагы мекендешибиз Жамал Асан менен кабарлашты.

Ал Оштогу Ноокат шаарынын Жатан айылда 1994-жылы төрөлгөн. 14 жашында ата-энеси менен чогуу Россияга сапар алып, ошол жерде чоӊойгон. Аскердик кызматын өтөп, кийин спорт тармагында көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

14 жашымдан тарта Владивостокто жашап жатабыз

- Мен анда 14 жашта болчумун. 2010-жылы Россияга сапар тартып, ушул жерде ата-энем менен чогуу отурукташып калдык. Азыр кудайга шүгүр. Россияда кыргыздын атын жаман аттуу кылбай, жалаӊ жакшы жагыбыз менен таанылуудабыз. Куда-сөөк, дос-тууган таап, ар кандай коомдук иштерге активдүү катышып, спорт менен машыгып келебиз. Биз башында Владивосток шаарына келгенбиз. Ошондон бери ушул шаарда жашайбыз.

Келинчегим ислам динин кабыл алган

- Айтмакчы, келинчегим орус улутунан. Асан Вера Сергеевна 1994-жылы туулган. Ал ислам динин кабыл алды. Ортобузда бир кызыбыз бар. Экөөбүз социалдык тармактардан таанышканбыз. Ал мага ислам динине кызыгарын, мусулман болгусу келерин айткан. Ошентип сүйлөшүп жүрүп, былтыр декабрь айында баш коштук. Анын ата-энеси, менин да ата-энем каршы болушкан жок. Чакан үйлөнүү той өткөрдүк. Ысырапчылыкка жол берген жокпуз. Эӊ негизгиси арагы жок, адал той болгонун да баса белгилеп айтышым керек.

Кикбоксинг боюнча Россиянын спорт чебери жана 3 жолку чемпиону болдум

- Спорттук мелдештин арты менен Россиянын көптөгөн шаарларын кыдырдым. Владивостокто кикбоксинг боюнча башкы машыктыруучумун. Мындан сырткары өзүмдүн спорттук залым да бар. Ал жактан көптөгөн спортчуларды машыктырабыз. Кикбоксинг боюнча 3 жолку чемпион болгом. Россиянын чемпиону, Приморск крайдын 2 жолку чемпиону, Ыраакы Чыгыш федерация округунда өткөн Россия кубогунда күмүш медалдын ээси болдум. Россияда 4 жолу чоӊ беттеш өткөргөм. Жөн гана спорт сүйүүчүлөрдүн арасындагы мелдештерде жүздөй жолу беттешке чыктым. Кудайыма шүгүр, бир да жолу жеӊилип кала элекмин. Россияда спорттун чебери болдум. Келечекте Америкадагы UFC беттешине чыгууну максат кылып жүрөм.

Буга чейин Сузак районуна караштуу Кулбайлуу айылынын тургуну Нурсултан Шамшибек уулу менен Россиянын Москва шаарында өскөн Кристина кыргыз каада-салты менен чакан мамлекетин курушкан болчу. 2017-жылдын жаз айларында Нурсултандын ата-энеси Москвага барып, келинге сөйкө салып, калың берип келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×