Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 30.11.2018 17:53 Жаңыланды: 01.12.2018 17:41 На русском

Видео, сүрөт: Кенжегулдуктар өздөрү айылды жарыктандырып, жолду оңдоп, интернет туташтырып алышты

Turmush -  Кара-Суу районунун Кенжегул айылындагы тургундар акыркы эки жылда өз күчтөрү менен бардык шарттарды түзүп алышты. Жергиликтүүлөр жапырт киришип, айылдын ички жолдорун да оңдошкон. Эми шагыл төшөлгөн жолдорду асфальттоону пландап жатышат.

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешине Кенжекул айылынан депутат болуп шайланган Дөөлөтбек Мурзалиевдин айтымында, айыл элинин ынтымагы көчөлөрдү оңдоп-түзөөгө себеп болгон.

«Айылда жалпысынан 10 көчө бар. Ар бир көчөнүн узундугу 700 метрди түзөт. Көчөлөргө жергиликтүүлөрдүн жардамы менен шагыл төшөдүк. Ошондой эле ар бир көчөгө түнкү чырактарды орнотуп, жарыктандыруу маселесин 100 пайыз чечип алдык. Бул быйылкы жасалган иштер болуп саналат. Былтыркы жылы таза суу маселесин чечкенбиз. Таза суу чыгаруу үчүн жалпы 3 млн 300 миң сом сарпталды. Анын 1,5 млн сомун жергиликтүү бийлик берсе, 1,5 млн сом бейөкмөт уюм тарабынан берилген. Ал эми 300 миң сомду айылдыктар өздөрү чогултушту. Азыр ар бир үйдө таза суу бар», - деди Мурзалиев.

Мындан 2 жыл мурун жолдорду жергиликтүүлөрдүн жардамы менен оңдоо идеясын эч ким колдогон эмес. Бирок кийинчерээк айыл жаштарынын демилгеси менен оңдоо иштери башталган.

«Башында оңдоо идеясына эч ким макул болгон эмес. Кийинчерээк жаштар жапатырмак ишке киришкенден кийин баары макул болду окшойт. Шагыл төшөө иштерин айылдыктар өздөрү жасашты, ага 350 миң сомдой жумшалды. Түнкү чырактарды орнотуу иштерине 400 миң сомдой акча кетти.

1 жыл мурун айылга жеке адам тарабынан орус тилдүү бала бакча ачылган. Анткени Орусияда иштеген ата-энелер балдарын орус тилдүү мектептерге берип жүрүшүптүр. Ошондуктан алар да бул пикирге макул болуп, колдоп беришти. Учурда 20га жакын бала орус тилдүү бала бакчада тарбияланууда. Мындан сырткары буга чейин элдин салымы, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 750 орундуу, 2 кабаттуу мечит курганбыз», - деди жергиликтүү кеңештин депутаты Мурзалиев.

Айылдын ички жолдору гана оңдоп-түзөлбөстөн, айылга баруучу негизги көчөнүн жарымына асфальт төшөлгөн. Мындан сырткары айылда 120дан ашуун үй-бүлөнүн турак жайы интернетке туташкан.

«Бул иштер жаштардын демилгеси менен аткарылды. Ар бир үй-бүлө өз салымын кошуп, айрымдар 1 миң сомдон, кээ бирлери 1,5 миң сомдон чогултуп беришти. Айылдыктардын дээрлик бардыгы интернет менен камсыз болгон», - деди жергиликтүү тургун Гүлүмкан Турсункулова.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата айылда көп иштер аткарылгандыгын айткан жашоочу Сайпидин Төлөнбаев: «Шагыл төшөлүп, айылга келүүчү негизги жолдун жарымы асфальтталды», - деди.

Кенжекул айылы Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн курамына кирет. Учурда айылда жалпы 3 миң 300 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×