Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 02.12.2018 12:28

Ошто окуучуларга СПИДден сактануу жолдорун үйрөтүп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу шаарындагы билим берүү мекемелеринде 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата ВИЧ жана СПИД илдеттери боюнча түшүндүрүү иш-чарасы уланып жатат. Кара-Суу шаардык мэриясынан билдиришкендей, мектептердеги окуучуларга атайын даярдалган видеотасмалар көрсөтүлүп, маалымат кагаздары таркатылууда.

Ошондой эле иш-чараларда аталган илдеттер боюнча кенен маалыматтар берилип, окуучулар тарабынан узатылган суроолорго дарыгерлер жооп беришүүдө. Жолугушууларга Кара-Суу шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, укук коргоо органдары, дарыгерлер катышып жатышат.

Ошондой эле Ош облустук китепканасында «Өзүңдүн статусуңду бил!» деген ураан менен 1-декабрда СПИДге каршы иш-чара уюштурулган. Жаштардын бул акциясына Ош шаары менен райондордогу 13 мектептен 120дан ашык окуучулар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×