Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуАлай району 03.12.2018 08:39 Жаңыланды: 03.12.2018 19:08

Менин сүйүүм: Алайлык Жаныбек менен индонезиялык Сафиранын үйлөнүү тою эки өлкөдө тең өттү (сүрөттөр)

Turmush -  Алай районунун кулуну Жаныбек Аканов буга чейин кыргыз кыздарына гана үйлөнөм деп айтып келчү. Бирок өзү башынан өткөргөн окуядан кийин сүйүү улут тандабай турганын түшүнгөн. Жаныбек менен буга чейин Limon.KG басылмасы маектешкен (маектин орус тилиндеги түп нускасы бул шилтемеде) болчу.

Жаныбек Аканов менен Сафира Евани Дубай шаарында таанышкан. Алар 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, үйлөнүү тою эки элдин салтын сактоо менен Бишкек шаарында жана Индонезияда уюштурулду.

Кыргызстан-Индонезия

30 жаштагы Жаныбек үй-бүлөдө улуусу, андан кийин иниси жана 2 карындашы бар. Атасы отставкадагы аскер кызматкери болсо, апасы үй кожейкеси. Өзү борбордогу орто мектепти аяктагандан кийин Кыргызстандын Эл аралык университетинен билим алып баштаган. Университетти 2010-жылы аяктагандан кийин Америкага кетүү каалоосу пайда болгон. Бирок башка тармактан орун таап, Бириккен Араб Эмиратынын аймагында сүйүктүүсүнө жолукканы Америкага барбай калганына себеп болгон. Учурда ал мейманканалар тармагында нөөмөтчүлөр бөлүмүндө жетекчи болуп эмгектенүүдө. Бул жылы Эмиратта жүргөнүнө 7 жыл болот.

Ал эми сүйүктүүсү Сафира менен 2012-жылы октябрь айында таанышкан (англис тилинде баарлашат). Алгач алар кесиптеш катары мамиледе болсо, Жаныбек бара-бара сезимин билдирип, ишенимге кирүүгө жетишкен. Ал учурда Сафира 18 жашта болчу.

Ал эми Жаныбектин ата-энеси келинин жакшы кабыл алып, өзү котормочунун милдетин аткарган. Сафиранын ата-энеси менен таанышуу учурунда да кабатырланып, бирок алардын маанилүү суроосу күйөө баланын мусулман экени болгон.

Таанышуудан кийин түгөйлөр той тууралуу ойлонуп баштап, туугандарынын баарына эле өздөрү жашап жаткан Дубайга чакыруу ыңгайлуу болбой турганын түшүнүшкөн. Акыры Кыргызстанда жана Индонезияда той өткөрүү чечими кабыл алынды.

Алгач Бишкек шаарында өткөн үйлөнүү тойго эң жакын адамдары күбө болушуп, нике кыюу жана жоолук салуу жөрөлгөсү жасалган. Андан 2 айдай убакыттан кийин Жакарта шаарында бардык үрп-адатты сактоо менен той уюштурулуп, ага Жаныбектин ата-энеси да катышты. Ал жерде жаштарга нике кыйылгандан кийин дароо нике тууралуу күбөлүк алышкан. Ал эми Жаныбек ант берген учурда жаңылбай, катасы жок айтышы керек болчу. Бул никеге даярдыгы бар экенин көрсөтмөк. Эгерде жаңылып калса, так, катасы жок айтмайынча улам кайталаганга туура келет. Бирок Жаныбек биринчи жолкусунда гана ийгиликтүү ант бергенин айтты.

Эки жаш Жава островунун падышасы жана канайымы сыяктуу кийинишкен. Тойдун жүрүшүндө Сафира Жаныбектин бутун коноктордун көзүнчө жууп, муну менен жолдошуна болгон сүйүүсүн билдирген. Бирок алгач күйөө бала бул процессти оорлотуу үчүн чийки жумуртканы тепселеши керек.

Ал эми Индонезиядагы тойдо көптөгөн өзгөчөлүктөр болгон. Мисалы, швед столу гана жазылып, тойго жалпысынан 500дөн 2 миңге чейин адамдар чакырылат. Той 3 саатка созулуп, ичкиликсиз өтүп, биздегидей узак убакытка чейин каалоо-тилек айтылбайт жана бий бийлешпейт. Келген коноктор жаш түгөйлөргө жолугушуп, белектерин (конверт же ар кандай белектер) тапшыргандан кийин кете беришет.

Ал эми Жаныбектин ата-энеси үчүн биздегидей атайын стол жазылган. Жалпысынан Индонезиядагы той Жаныбектин өзү үчүн да, ата-энеси үчүн да көптөгөн эмоцияларга толуп, жаңы маданиятты көрсөттү. Жаныбектин айтымында, ал жердин жашоочулары исламдын бардык салттарын сакташат.

Учурда Сафира кыргыз жана орус тилдерин үйрөнүп жатат. Түгөйлөр келечекте Кыргызстанга кайтып келүүнү максат кылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×