Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Озгон 03.12.2018 11:12

Өзгөндө үй өрттөнүп, кошуна тамга жайылды

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө жалпы 15 бөлүм жөнөтүлгөнүн бүгүн, 3-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөндөгү Өзгөн көчөсүндөгү турак үй өрттөнүп, чатыры жана шыбы күйүп кетти. Өрт кошуна турган үйгө өтүп, анын да чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы бастырма толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн себебин тактап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×