Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуНоокат району 03.12.2018 12:40 На русском

«Мекендештер»: Кыргыз үй-бүлөнүн орус улутундагы эки келини ислам динин кабыл алган (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Россияда жашап жаткан 53 жаштагы Асан Калмуратов. Ал эки уулун орус элинин кыздарына үйлөндүргөнүн аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Асан Калмуратов Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жапан айылынын тургуну. Ал уулдарынын үйлөнүү тоюн Россияда өткөрүп, ашыкча ысырапчылыкка жол берген эмес.

«Уулдарым, кызым тарбиялуу, ыймандуу болуп чоңоюшту. Келинчегим экөөбүз алар менен сыймыктанабыз. Келечекте кыргызымдын намысын коргогон, мыкты эр-азаматтар болсо дейм. Улуу баламдын келинчеги Токтогулдан болот. Андан кийинки 2 уулум орус элинин кыздарына үйлөнүштү. Албетте, башында "үйлөнөбүз" дегенде бир аз ойлондук. Бирок келиндерибиз ислам динин кабыл алып, беш маал намаз окууга даяр экенин угуп сүйүндүк. Алгач ортоңку балам үйлөнсө, кийин кичүү баламдын үйлөнүү тою өттү. Тойдо ысырапчылыкка жол бербей, арак-шарап жок өткөрдүк. Эң башкысы уул-келиндерим элден бата алсын дедим, кудаларым да туура көрүштү. Эми минтип очор-бачар болуп, өз үй-бүлөлөрүн күтүп, бактылуу жашап жатышат. Ар бири бирден балалуу болуп калышты», - деди ал.

Мекендешибиз 12 жыл мурун Россияга сапар тарткан. Ал учурда Владивосток шаарында жашап жатат.

«Россияга 2006-жылы келдим. Бул жактан 2 бөлмөлүү батир сатып алганбыз. Жаңы келгенде курулушта иштеп, кийинчерээк экскаватор айдап, андан кийин банкка кароолчу болуп ишке кирдим. Келгенде эле уулдарымды спорт залга бергем. Анткени спорт баланы чыйрак, намыстуу, ден соолугун чың кылып тарбиялайт. Эки уулум спортто ийгиликтерди багындырып жүрүшөт. Ортончу балам спорттун чеберлигине талапкер болсо, кичүү уулум спорттун чебери. Улуу балам музыкага кызыгат. Эки уулум Россияда аскердик кызмат өтөштү», - деди ал.

Асан Калмуратов 3 уул жана 1 кыздын атасы.

Буга чейин аймактык кабарчы Асан Калмуратовдун уулу Жамал Асан менен маектешкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×