Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 03.12.2018 13:11

Кара-Кулжада таштандыга толгон жол тазаланып, шагыл төгүлө баштады

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Кара-Кулжа айылында таштанды баскан жол ачылып, шагыл төшөлө баштады. Бул тууралуу Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Мирбек Исраилов аймактык кабарчыга билдирген.

Анын айтымында, айылдагы четки Ажыбек Юсупов көчөсү көп жылдардан бери каралбай, кароосуз калган эле.

«Бул көчөнүн абалы өтө начар эле. Өткөн жылы элдик жыйын өткөргөндө жергиликтүүлөр жолго шагыл төшөп берүүнү суранышкан. Жергиликтүү кеңештин депутаттары аталган көчөгө шагыл төгүүнү 2018-жылкы планга киргизип, 1 млн 200 миң сом бөлдүргөнбүз. Буга чейин мектеп окуучулары бул көчөдөн өткөндө кыйналып келишкен. Таштанды да жол четине төгүлө баштаган эле.

Эми минтип таштандылардан арылып, шагыл төгүлө баштады. Биз эми 1 чакырымга жакын көчөгө түнкү жарык коюуну пландап жатабыз. Мындан сырткары айдоо тилкесиндеги 1,6 чакырым ички жолдорго да шагыл төшөлгөн», - деди ал.

Ал эми жергиликтүү тургун Медетбек Козубаевдин айтымында, бул көчөдөн атчан адам араң өтүп калган.

«Жолубуз аябай жаман абалда болуп, атчан адам зорго өтчү. Эми шагыл төшөлгөнүнө кубанып турабыз», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×