Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуНоокат району 03.12.2018 14:40

Ноокатта 32 адам ден соолугуна байланыштуу араба алды

Turmush -  Ноокат району боюнча жалпы 7 миң 55 адамга ден соолугуна байланыштуу жардамдар көрсөтүлөт. Бүгүн, 3-декабрда Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоо күнүнө карата аларга сый тамак уюштурулуп, белектер тапшырылды.

Ал эми райондук администрациянын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 32 адамга майып арабалары берилген. Ошондой эле Республикалык протездик ортопедиялык буюмдар мекемесинин Оштогу филиалы тарабынан 27 бут кийим, 6 карсет, 3 таяк, 1 протез жана 1 резина техникалык буюмдар берилди.

Сентябрь айында Ош облустук прокуратурасы тарабынан 2 жашоочуга да керектүү буюмдар тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×