Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 03.12.2018 17:18

Өзгөндө 18 жаштагы айдоочу жердешин сүзүп өлтүрдү (унаанын сүрөтү)

Turmush -  Өзгөндө 51 жаштагы жөө жүргүнчүнү жеңил унаасы менен сүзүп өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен 18 жаштагы шектүү кармалды. Бул фактыны Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Кечээ, 2-декабрь күнү саат 22:00 чамасында Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Питомник айылында ошол эле айылдын 1967-жылы туулган тургуну К.А. жолдун боюнда кетип бара жаткан. Аны белгисиз автоунаа сүзүп, айдоочу качып кеткен. Жөө жүргүнчү оор жаракаттын кесепетинен каза болуп, көп узабай шектүү айдоочу кармалды. Ал 18 жаштагы жергиликтүү тургун К.М. экени аныкталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×