Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуНоокат району 04.12.2018 09:53 На русском

Ноокатта мал уурулар кармалды

Turmush -  Ноокат районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Ош ОИИБдин билдирүүсү боюнча, алардын изине Ноокат РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери түшкөн.

2018-жылдын 4-5-6-ноябрында жергиликтүү тургундар бодо малдарын уурдап жаткан белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан болчу. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) менен кылмыш иш козголгон. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө мал уурулукка шектелип, Ноокат районунун 30 жаштагы тургундары К.У. менен Т.Б. кармалды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×