Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 04.12.2018 10:12 На русском

Өзгөндө унаа сүзгөн 60 жаштагы киши ооруканага жетпей каза болду

Turmush -  Өзгөн районунда жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетип, жабырлануучу (эркек киши) көп узабай көз жумду. Ош ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, окуя 2-декабрда саат 18:20 чамасында Кароол айылында болгон.

Такталган маалыматтар боюнча, Бишкек—Ош эл аралык автоунаа жолунун 621-чакырымында Өзгөн районунун 1992-жылы туулган тургуну М.А. (эркек киши) өзүнүн «Опель Вектра» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан. Куршаб айылына бара жатканда Өзгөн районунун 1958-жылы туулган тургуну М.М. алдынан чыгып, унаасы менен сүзүп кеткен. Жабырлануучу Өзгөн райондук ооруканасына жетпей каза болду.

Аталган факты боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жол кырсык

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×