Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 04.12.2018 10:37 На русском

Ошто кызмат учурунда каза болгон милиционердин 4 баласы калды. Өлүмдүн себептери

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Максатбек Рахматжан уулу бүгүн, 4-декабрда айылында акыркы сапарга узатылат. Ал 1985-жылы 18-июль күнү Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылында төрөлгөн.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кызматтык тапшырма менен Жалал-Абад облусуна барып, кайтып келе жатканда көз жумган милиция кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтарды билдирди. Окуя 3-декабрга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында, тактап айтканда Бишкек—Ош унаа жолунун 607-чакырымында болгон.

М.Рахматжан уулу Ош шаарын көздөй бара жатканда чуңкур жерден унаасы бурула албай калган. Ошол жерден унаа бир нече жолу ала салып, анын ичиндеги Максатбек Рахматжан уулу (унаада жалгыз болгон) ыргып кеткен. Анын башы ташка кийип, оор жаракаттын кесепетинен окуя болгон жерде каза болгон.

Анын артында 4 баласы (3 уул, 1 кыз) калды.

тергоочу 3

----------------------------------------------------------------------

Эмгек жолу:

- Орто мектепти аяктагандан кийин 2001-2006-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты болуп;

- 2006-2007-жылдары Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнүн улук инспектору;

- 2007-2009-жылдары Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү;

- 2009-2010-жылдары Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинин тергөө башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча тергөөчүсү болуп эмгектенген.

- 2010-2011-жылдар аралыгында Ички иштер министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын тергөөчүсү;

- 2011-2012-жылдары Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы;

- 2012-2013-жылдар аралыгында Ош облустук ички иштер башкармалыгында тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү;

- 2013-2016-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, улук ыкчам өкүлү;

- 2016-2017-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча тобунун инспектору;

- 2017-2018-жылдары Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысы;

- 2018-жылдын 2-ноябрынан баштап Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болуп эмгектенип жаткан.


Максатбек Рахманжан уулу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×