Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Бишкек 05.12.2018 09:01 На русском

Видео, сүрөт: Бишкекте таң эрте троллейбус менен кагышкан жеңил унаа талкаланып, айдоочу каза болду

Turmush -  Бүгүн, 5-декабрда саат 06:55 чамасында Бишкек шаарында троллейбус менен жеңил унаа кагышып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, №17 троллейбус Карл Маркс көчөсү менен түндүк тарапка бара жатканда жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, бетме-бет кагышкан. Жеңил унаанын айдоочусу ошол жерде көз жумду. Ал эми троллейбустун айдоочусу ооруканага жеткирилди.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жана жол тескөөчүлөр окуя болгон жерге жөнөп кетишти, жол кыймыл калыбына келтирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×