Ошто рейд башталып, бир күндө 5 айдоочуга айып салынды

Turmush - Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери шаар ичиндеги кичи автобустардын жана жеңил автоунаалардын техникалык абалын, кышка даярдыгын текшерүү үчүн бир апталык рейдге чыгышты. Бул саамалык кечээ, 5-декабрда башталган.
Техникалык көзөмөлдөө тобунун ага тескөөчүсү Залкар Эргешовдун айтымында, кичи автобустар менен жеңил унаалардын жазгы дөңгөлөктөрү кышкыга алмаштырылганын жана техникалык абалын текшеришет.
«Бүгүнкү күндө жол кырсыктары көп болуп жатат. Аларды алдын алуу максатында кичи автобустар менен жеңил автоунаалардын техникалык абалына рейд жүргүзүлүп жатат. Бир күндө эле 5 айдоочуга протокол түзүлүп, 500 сомдон 1000 сомго чейин айып пул салынды», - деди Эргешов.
Мындай рейд Ош шаарында 9-декабрга чейин уланат.